Гүлайым Мукарамова

Окуу үчүн гана
76
.
admin
Кошулду: 20.06.2020 / 21:55
Гүлайым Мукарамова
24-август 1963-жылы Лейлек районуна караштуу Айбийке айылында төрөлгөн.
1980-жылы “К.Сабыров” атындагы орто мектепти бүтүргөн,
1985-жылы Ош шаарындагы “ОМНИ” музыкалык факультетин бүтүргөн.
Андан соң Ош шаар-гы “24-партсъезд” атындагы орто мектепте эмгек жолун баштаган.
Андан кийин өз району Лейлекке келип “Наристе” бала бакчасында музыкалык жетекчи болуп иштөө менен бирге райондук маданият үйүндө да кызмат өтөгөн.
Ошондой эле көптөгөн коомдук иштерге катышып, 1987-жылы “Республиканский телевизионный фестиваль народного творчества”
жана “Ак терек-Көк терек” телеконкурстарына катышкан.
Эң бир эсте калаарлык күндөрүнүн бири, 1988-жылы тартылган “Ашар” аттуу телефильми (Киргиз телефильм), ошол фильмге тартылган.
Белгилүү обончулар Бабаравшан Тургунбаев, Жолдошбек Мамажанов, Хабибилла Азиреткулов, куудул Жамбыл Камчиев ж.б. менен бирдикте областтын бир канча райунда болуп концерт коюп келген.
Ырлары Лейлек районунун “Алга” гезитинде жана ошондой эле “Кыргызстан маданияты” гезинде чыгып келген.
Белгилүү акындар Атакул Жакыпов, Абдилаат Дооров, ж.б. бирдикте Кыргызстандын “Жаштар үнү” программасынын поэзия кечелеринде ырлары окулуп келген.
Азыр Орусиянын Томски шаарында жашап, кыргыз диаспорасынын “Ак-куу” ыр-бий ансамблинин башчысы.
Ушул жылы биринчи “Өрүкзардын мөмөсү” аттуу кичинекей ыр жыйнагы жарык көргөн.

Сайттагы чыгармалары:
Сен деп билем
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Дагы сайтта бар белгиленбей калган окшойт кошуп чыгарып коёбуз убакыт таап!

Кошулду: 20.06.2020 / 21:58
Сен деп билем
(Маркум Жолдошбек Мамажановдун жаркын элесине арналат)

Таштадың ырларыңа өмүр гүлүн,
Калтырып сүрөтүңө ойлуу жүзүң.
Айыктырбай жүрөктүн сыздаганын,
Алып тынды шум ажал сени бүгүн.

Айтылбай канча сыр кетти,
Ырдалбай канча ыр кетти.
Эркиңе койбой эл менен,
Касы ажал сага шыр жетти.

Эскерет ыр багында элим бүгүн,
Тыңдашып кайрыктарын жүрөгүңдүн.
Булбулу сен алма бакта безеленген,
Сен деп билем ачылганда алма гүлүн.

Айтылбай канча сыр кетти,
Ырдалбай канча ыр кетти.
Эркиңе койбой эл менен,
Касы ажал сага шыр жетти…

Убакыт уурдап кетет бул өмүрдү,
Үй кылып эшиги жок кара көрдү.
Адамзат шагың сынба кечире көр,
Кирдетип койсом эгер көңүлдөрдү.

А бирок ал жашоону токтото албайт,
Токтотуп кала албастай чыгар күндү.
Турмуш бул- оту өчпөгөн зор коломто,
Турмуш бул- кош карегим кирсиз күзгү.

Мен дайым оттуу жана кирсиз ырдан,
Кынаптап бир имаарат курсам деймин.
Көөдөндөн көтөрүлдү ишкер жүрөк,
Жүрөккө кубат берип кирсиз сезим.

Автору: Гүлайым Мукарамова, Лейлек району, Коргон айылы
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Баары: 1
Автору боюнча иреттөө
Теманы жүктөп алуу