Гулянда Акунова

Окуу үчүн гана
82
.
admin
Кошулду: 20.06.2020 / 21:42
Гулянда Акунова

Ат-Башы районунда төрөлгөн. Кемин шаарында жашайт.
Мекендешибиз Гулянда Акунованын ырлары, окурмандар үчүн сайтка жарыяланып турат.

Чыгармалары:
Мейличи кечирейин
Качан туясың?!

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Кошулду: 20.06.2020 / 21:43
Мейличи кечирейин

Мен сенин топурагын озумо уйуп,
Аркандан айыптап соз айткан жокмун,
Бир гана биз экообуз чыга албаган,
Куноолойм махабаттын бийик тоосун.

Бирок сен чыктын тоонун чокусуна,
Кол сунбай жетелешип башка менен,
Ал тоону ашып кеттин кылчайбастан,
Калдым мен суу тонгондой муздап денем.

Мейличи кечирейин бир кезекте,
Жанылып жаз айында тапканыма,
Мейличи кечирейин менден сулуу,
Сымбаттуу Айперини тапканына.

Автору: Гулянда Акунова Ат-Башы району
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Кошулду: 20.06.2020 / 21:44
Качан туясың?!

Бир өзүңдү жалгыз тандадым,
Жүрөгүмдү сага арнадым,
Алоолонгон назик сүйүүмдү,
Айтчы, жаным,неге туйбадың.

Жылдыз болуп көзгө көрүндүң,
Ашык болуп сага берилдим,
Кол кармашып жүрчү жанымда,
Каалаганы сенсин көңүлдүн.

Тагдыр мени мейли сынасын,
Ак сүйүүмдү качан туясың,
Карегимде дайым элесиң,
Күлүмсүрөп тиктеп турасың.

Автору: Гулянда Акунова Ат-Башы району
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Баары: 1
Автору боюнча иреттөө
Теманы жүктөп алуу