Айболот Абдырахманов

Окуу үчүн гана
55
.
admin
Кошулду: 20.06.2020 / 20:50
Айболот Абдырахманов

9-октябр 1991-жылы, Ош областынын, Кара-Суу районуна караштуу, Правда айылында төрөлгөн.

Мекендешибиз Айболот Абдырахмановдун ырлары, чыгармалары окурмандар үчүн сайтка жарыяланып турат.

Чыгармалары:
Төмөнкү шилтемелерден кирип окусаңыздар болот:
Бактынды байлыктан издебе
Күтөм өзүңдү
Айболоттун сүйүүсү

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Кошулду: 20.06.2020 / 20:52
Бактынды байлыктан издебе

Жылуу карек бир өзүмдү сүйүп сен
Жол издедиң бир болууга күйүп сен
Аттиң арман бир болбостон биз болсо
Эки жакта арман менен жүрөбүз

Эстейм кээде бир өзүңдү сагынып
Зар болуп күлкүңдү уккум келип зарыгып
Алыс эмес жакын эле жердесиң
Барган болсом жашооң калат эл озунда жаңырып

Өтөсүң мен баскан эле жолумдан
Көрсөмдагын көрбөгөсүп шашылам
Сен ойлогон байлык менде болбоду
Кете бердиң кууп байлык артынан

Кош бактылуу болгун
Байлыкты сен колдодуң
Сүйүү алмашкыс деп
Айтчу элең өзүң гүлүм

Автору: Айболот Абдырахманов Кара-Суу району, Правда айылы
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Кошулду: 20.06.2020 / 20:52
Күтөм өзүңдү

Ойлонуп көңүлүм тынчыбайт
Сагынып жүрөгүм сыздайт
Сага болгон үмүт токтобой
Сени гана ойлоп сыздайт

Эстей берем бир болобуз деген күндү
Ай Нуруң жаркырап чачкан тууңду
Сагындым тиктелген көздөрүңдү
Сагындым жөп жөнөкөй сөздөрүндү

Күтөмүн бирок жоксун жанымда
Зар болуп турам сүйүү балына
Көңүлгө эч темке жакпай калды
Кайдасың сүйгөнүм келчи мага

Автору: Айболот Абдырахманов Кара-Суу району, Правда айылы
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Кошулду: 20.06.2020 / 20:53
Айболоттун сүйүүсү

Жашоо сага сүйүүсүз
Болсо айтчы сүйгөнүм
Мен да сүйбөй өзүңдү
Өзүм жалгыз жүрөйүн

Унут десең унутайын ыйлап жүрүп
Жүрөгүмө сактай берем бирок күлүп
Азабымды эч бир жанга билдирбестен
Жашай берем түбөлүккө сени сүйүп

Бул өмүрдө сени менен бирге
Жашап өтсөм деймин алгын эске
Жаратканым колдосун деп
Тилей берем бактым кечке

Автору: Айболот Абдырахманов Кара-Суу району, Правда айылы
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Баары: 1
Автору боюнча иреттөө
Теманы жүктөп алуу