Aбдилат Үрүстөмтегин

Окуу үчүн гана
37
.
admin
Кошулду: 20.06.2012 / 20:37
Aбдилат Үрүстөмтегин Кадамжай районуна караштуу
Кызыл-булак айылынын тургуну.
Чыгармалары:
Жаздым Досум
Апамдын Аянына

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Кошулду: 20.06.2012 / 20:38
Жаздым Досум

Жаздым досум, жан дүрбөткөн чыгарма,
Ой ширесин жан-дүйнөмдөн кайната.
Ойго салган жүрөгүмдө туйлаган,
жанбай калган талантым бар тубаса.

Кечиккендир канча ырлар жазылбай,
Жан-дүйнөмдө талант оту жагылбай.
Уюп калган түпкүрүндө жай алып,
Жаз гүлдөрү сыңарындай ачылбай.

Суна албадым сулууларга канчаланган,
Сезимимди дилимде ырга айланган.
Арнай албай жазганымды дит багып,
Бир сөзүм үтүр-үтүр кайталанган.

Жан эргиткен түркүн ырды жазайын,
Жан сырымды элге ачык ачайын.
Ыр байрагын көкөлөтүп көтөрүп,
Ыр дүйнөнүн гүл багында жашайын.

Автору: Абдилат Үрүстөмтегин — Кадамжай району, Кызылбулак айылы
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Кошулду: 20.06.2012 / 20:38
Жаздым Досум

Эрте кетип менин бала чагымда,
Калтырыпсыз элесиңиз көз алдымда.
Күнүм өттү карегиңе жалынып,
Балам деген үнүңүзгө зарыгып.

Түбөлүк карегимде турасыз,
Мээрими төгүлүп элесиңиз жансыз.
Жандыкка жүрөгүмдү сунайын,
Тумар туткан перим менин аяным.

Бүгүн ак жибек көйнөк кийипсиз,
Бейиштен чыккан перидей перисиз,
Жүзүңүздөн ажайып нур чачып,
Алаканыңызга шам чырак жагыпсыз.

Мээримиңизге көзүмдөн жаш агып,
Апа деп айталбадым толкунданып.
Балам деп коюңузчу жаным апа,
Жүрөгүм сыздап, жалынам аяныңызга

Автору: Абдилат Үрүстөмтегин — Кадамжай району, Кызылбулак айылы
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Баары: 1
Автору боюнча иреттөө
Теманы жүктөп алуу