Билдирүүнү кароо

.
admin
Кошулду: 21.06.2020 / 03:17
Урматтуу сайттын катышуучулары!
Бул жерге ар бирибизге жаккан ырларыбыздын сөздөрүн жазалы. Анткени бут сайттарда жаңы ырлардын сөздөрү жок.

Кошулду: 21.06.2020 / 03:20
Омар "Жаңы жыл"

Жакшылыктын жышааны
Жаңы жылым жаңырып
Баарыбызга береке
Ырыс кешик ала кел

Кел Жаңы жыл жаңырып
Бакыт-таалай жамынып
Кел Жаңы жыл жаңырып
Күттүк сени сагынып

Күттүк сени, Жаңы жылым
Күттүк сени, сагынып
үмүттөнүп жакшылыкты
Баардыгыбыз зарыгып

Эски жылым колдосун
Жамандык эч болбосун
Дуйнө жүзү тынч болуп
Бейкутчулук орносун

Жаңы жылым жалгасын
Элим ойлоп чаргасын
Баарыбызга ачып кел
Жакшылыктын каалгасын

Күттүк сени, Жаңы жылым
Күттүк сени, сагынып
үмүттөнүп жакшылыкты
Баардыгыбыз зарыгып

Жараткан колдосун
Жамандык болбосун
Жаңы жыл жалгасын
Эски жыл колдосун

Жаңы жылым жаңырып
Жакшылыктын жылы бол
Кампа толо болуп
Токчулуктун ыры бол

Дайым болуп барчылык
Жерибизде жайчылык
Аманчылык болсо экен
Асман бети ачылып

Күттүк сени, Жаңы жылым
Күттүк сени, сагынып
үмүттөнүп жакшылыкты
Баардыгыбыз зарыгып

Күттүк сени, Жаңы жылым
Күттүк сени, сагынып
үмүттөнүп жакшылыкты
Баардыгыбыз зарыгып

Жараткан колдосун
Жамандык болбосун
Жаңы жыл жалгасын
Эски жыл колдосун

Кошулду: 21.06.2020 / 03:21
Жар-жар

Кошулушуп эки жаш,
Жуп болуптур, жар-жар.
Кубанышып эл-журту,
Кут конуптур, жар-жар.

Толкуп келген мейманга,
Той баштайбыз, жар-жар.
Болушунча аянбай,
Бой таштайбыз, жар-жар.

Алтын ордо гүл бакча,
Калаалуу бол, жар-жар.
Артыңардан ээрчиген,
Балалуу бол, жар-жар.

Ак элечек колго алып,
Ыргап жүргүн, жар-жар.
Жакшы менен жаманды,
Ылгап жүргүн, жар-жар.

Баскан жериң дайыма,
Гүлдүү болсун, жар-жар.
Бүгүн курган жашооңор,
Бүрдүү болсун, жар-жар.

Көлөкөлүү саябан,
Бак болгула, жар-жар.
Мөмөлөрү ийилген,
Шак болгула, жар-жар.

Кадыр көңүл табылбайт,
Калыс болгун, жар-жар.
Ушак менен айыңдан,
Алыс болгун, жар-жар.

Ырыс алды - ынтымак,
Билип жүргүн, жар-жар.
Ата-энеге башыңды,
Ийип жүргүн, жар-жар.

Ак булуттай себилген,
Кар болгула, жар-жар.
Дайым ушул жашоодо,
Бар болгула, жар-жар

Кошулду: 21.06.2020 / 03:26
Келин

Көгүчкөндөй учуп келген келинди,
Көрөбүз деп айыл-апа теминди.
Алкап жатты келгендердин баарысы,
Гүлгө ороп койсо экен деп жеримди.

Биз да бардык көрөлү деп келинди,
Көрсөтпөстөн алар бизди жериди.
Ак куу бекен, чүрөк бекен, ким экен,
Көрө албастан тиштеп кеттик эринди.

Келин келди, күндүн нуру төгүлдү,
Гүлкайырдай кулпундуруп өмүрдү.
Келин келген үйгө барып наздана,
Бир жашартып, кайтып кеттик көңүлдүү

Жаңы келин, жаңы үйгө келгенде,
Өмүр дагы өзгөрүлдү тез эле.
Салтанаттап мейман күтүп кыргыздар,
Нан койсо да, май койсо да жегиле!




Эхх, азаматсыңар келиндер , жайдарланып ачык келип, Ысык-Көлдөй ак-кенен пейил, душманды айра билип, улууга урмат этип башынарды ийип жүрө бергиле. Шайырдуу, сүйкүмдүү болуп жүрө бериңиздер

Кошулду: 21.06.2020 / 04:52
Мугалимдер ыры

Жашоого жол көрсөтүп багыт берген,
Талыкпас акыл, эмгек, сөзү менен.
Билимден бийиктикти урмат, сыйды,
Табышкан ак эмгектен, маңдай терден.

Келечек ээлерине берип билим,
Эмгектен көрсөк дешип элдин сыйын.
Ачкычын бул турмуштун ачып берээр,
Ээси, мугалимдердин кесиби татаал, куну кыйые кыйын.

Терметип билимине алтын бешик,
Келгин деп канчаларга ачып эшик.
Үйрөтөөр бул дүйнөнүн көп сырларын,
Ушундай бийик татаал мугалимдик кесип.

Кошулду: 21.06.2020 / 04:52
Мен жана бакыраң көз балдар

Шашып келем түрс-түрс кагып жүрөгүм,
Илгери үмүт, тилектерге толтура.
Эртели-кеч баккан тунук ойлорду,
Бакыраң көз окуучума айтууга.

Бар тапканым балдар менен бөлүшүп,
Кийинкиге болуп кайра карыздар.
Үйгө кайтам эртең кайра жанууга,
Көөдөй түндө болуп өчпөс чырагдан.

Сергий түшөм, эргий түшөм мектептин,
Бала жыттуу абасынан жыттасам.
Өтүп жаткан өмүр өмүр эместей,
"Агай" деген бала сөзүн укпасам.

Балдар - менин бар байлыгым, мол бактым,
Балдар менен өткөн өмүр - гүл өмүр.
"Саламатпы, агай!" деген сөз үчүн,
Мен мектептен кетким келбейт бир өмүр.