Кошулду: 20.06.2020 / 22:04
Динара Сагынбаева
Араван районунда төрөлгөн. Бишкек шаарынын тургуну.
Мекендешибиз Динара Сагынбаеванын ырлары, окурмандар үчүн сайтка жарыяланып турат.
Чыгармалары:
Угузбай
Үзүп койчу
Чыңалдым
Шашып калбан
Ыйлабаймын
Ыйыктыкты сактаймын
Ынтымагың, жан дүйнөмдү тазалайт
Ыр жаратуу
Ыраазымын доорума
Ыраазымын
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Кошулду: 20.06.2020 / 22:06
Угузбай
Жагып жүрөт, мага бир жигит,
Көргөн сайын көңүлүм, жибийт,
Сүйлөшбөсөм черим жазылбай.
Алдымбы дейм, жүрөктү тилип,
Бир сырдуулук абдан, жарашат,
Кыздар жандап, катуу талашат.
Темир добот, айдап баратса,
Баары узатып, тиктеп карашат.
Кийген шымын, кыны бузулбай,
Черткилейсиң, чаң да жугузбай,
Көп көздөрдөн, мага утурлап,
Жагып калдын дедин, угузбай…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Кошулду: 20.06.2020 / 22:08
Үзүп койчу
Уйку качып негедир, мен кыжалаатмын,
Бир сөз айтып, ойго салып ызаланттың,
Адамзаттын эң кымбаты, баалуу жашоо,
Тез жеңилип сен анчалык сызга баттың,
Балдарыңды, көз алдынан, тизип көрчү,
Жашоосунан, өз жашооңду, сызып көрчү,
Талпынбастан, соолуп, өзүң таштабай,
Алсызданткан, жаман ойуң үзүп койчу…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Кошулду: 20.06.2020 / 22:10
Чыңалдым
Көзүм менен тең айлансаң, чыр чыгарып,
Көңүлүңдү түз байласаң, сын ыйгарып,
Көөпмүн, барлыгыңдын баркын билбей,
Кеч түшүндүм бирок, калдым чыңалып,
Кайрылып келээр күнүңдү, күтөмүн,
Саз баскан кемчилигимди, бүтөймүн,
Турмушумдун сабагына, бышып турам,
Өкүнүчтөн, сансыз ойдон жүдөдүм,
Бир өзүмдү катам үчүн, жемелеймин,
Менде бар, сенде жок деп, ченебеймин,
Эркектердин бары, ырыс береке экен,
Сенде байлык, башкасын мен кенебеймин…
Автору Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Кошулду: 20.06.2020 / 22:17
Бир Алламдын өзүнө
Омурдун гулун,жаныртып сен ача албайсын,
Жашоонун бурун,кубултуп да чача албайсын,
Бейкапар болбой,тирулук баркын сезип жур,
Алламдын айткан,буйругунан кача албайсын,
Басмырлап тиктеп,байкушту жээрип согунбо,
Бапестеп салган.багынды баркта, тогулбой,
Малайлык кылбай,байлык,мансап,дунуйого,
Башын ийип,кулу болгун,бир Алламдын озуно…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Турмуш
Турмуш жылчып,оз нугунда ото берет,
Аста-секин.баскан жолдор кочо берет.
Кылчайа артка,эскере баскын,унутбай.
Козу откондун,издери калбай очо берет,
Балдарын деле оз кундорун коро берет,
Куйполоктоп,ата-эне дале жолой берет,
Омурдун суусу,соорулуп тартып кургаса,
Ажалын жулуп,сапарын улап жоной берет
Ээх деп толкуп,ойноп куунап,жыргайлы
Тугонбогон туйшуктон,убакыт кыйбайлы
Озубуз учун жашай турган мезгил келди
Конулдун кушун,коп нерседен тыйбайлы…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Өмүрүңдү берсин
Кайсыл кунду,коруп жыргап жарыдын,
Кайсыл кылган куноон учун,жанылдын,
Камырабай камы жок жургон кезинде,
Кайсы гордон,ушул дартка кабылдын,
Курч кылычын,тагдыр туштайт кезерип,
Жанын кыйнап,кошоруп кетбей безерип,
Шыпаасын берип,кудайым озу колдосун,
Омурунду берсин.кыйналасан да эзилип…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Жамалбайт
Ээн жерде,жалгыз турган караанмын,
Эрээркеп,туйлайт,ай нурунда жамалым,
Ээнчиленбей,энгиреген журогумдун,
Сезбей турам,жалыны качан жанаарын,
Жанчыгандай жаным сыздап.жай албайт,
Жанылып таткан суйуум,бутоп жамалбайт,
Ички дуйном,ийиктен ийреп жаткансып,
Чубалжышкан ойлордун,ордун табалбайт…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Кошулду: 20.06.2020 / 22:21
Клара Айтановага!
Тар жолумду кенен ачкан устатымсын,
Мунозумо маани бербес жукбасымсын,
Тыкан ишин,токтоолугун жузун ачкан,
Жумушта бир ажырагыс,жупташымсын,
Рахмат эмес,андан кобуно арзыйсын,
Мактоо эмес,сооп ишке жалчыйсын,
Шакирт болуп отуп кетсем,ишинден,
Журогумдо бир туугандан артыксын…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Чечбейт
Байлык,акча башкалар,дартты чечбейт
Кудай салган кыйноону,артка серпбейт
Бир дубалга.ойлуу тиктеп жатып калсан
Кыялданган умут гана,кадырын кесбейт
Аллахым.алам деген пендесин,кубалабайт
Мушкул салып,каарын мыкчып жулмалабайт
Мурт кетиртип,мудурултот коз ирмемде
Асылып калса ажал,адашып бурмалабайт
Ар бир аткан таныма,шугурунуп жашайм
Ар бир баскан кадамыма,жулунуп жашайм
Туз болсун деп кудайымдын козу бизге
Балдарым учун тируулукко жугунуп жашайм
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Жаңылган сүйүү
Коргон сайын негедир ичим жылыйт,
Сезимдерим сезгенишип сага кызыйт,
Алаксымыш этсем деле,энсеп журом,
Журогумон сенден болок жанды сызып,
Жазда соккон,мелуун желдей жагымдуусун,
Жузум опкон кун нурундай жалындуусун,
Кулмундотуп козун,мага жалоорутсан,
Ичим куйот,анткени сен жанылуумсун,
Жамгыр суусу тамчылайт,беттен ылдый,
Илебимен ооп нымдап,качат ыргый,
Дене бойду суук тартып,ичийиркентип,
Дуулуктуруп,чымыратып, кубот ызгый…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Куурадыбы?
Кумга синген суудай болуп,кургадыбы,
Же кун нуруна.куйкаланып куурадыбы,
Сенделишип серсен болгон,биздин суйуу,
Тикеленбей,жексен болуп урадыбы,
Тунук болбой,баткагына булгандыбы,
Ушак создун,заарын жутуп ууландыбы,
Шекшенишкен сезимдердин,ызасынан,
Арзуулашбай,алданышып кууландыбы,
Издебеймин,ичтен ирин акса дагы,
Журогумдо куйут,мундуу какса дагы,
Кебелбеймин конул бошоп,алсырап,
Жан ачыткан,кайгы отун жакса дагы…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Жаныңды ойло
Турмуштун туйшуктору анга туртот,
Тируулук оорун,алсыз жанга суртот,
Эмгекти акыл калчап,иштесен да,
Энчисин ээндуу кылып,байга туптойт,
Жашоондо жанылыштык,коп учурайт,
Жасанып жашагандар,коз учурат,
Жалкоонун жанын багып,эмгекчилди,
Мээнетин баалабастан,кор тукурат,
Омурдун озгочосу,ден соолукта,
Ооруукчан оксуп калат,коп кордукта,
Окунуп отбош учун,бул дуйнодон,
Озундун жанын ойло,коп оолукба…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Зарыкбайт
Журогум тунт,кусалыктан,жабыркап,
Суйуум супсак,тандай катып таныркап,
Кетенчиктеп,конул калып баратат,
Сезимдеги суйуум,сенден жатыркап,
Кен дуйнонун бир бурчунда турамын,
Карек чачкан нурлуу,коздуу курагым,
Журок куусун,бут ааламга жаныртса,
Сагынычым.чанкоодон канбас убагым…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Кучагында жатсам да…
Азгырылып,адашкан бир алсызмын,
Арзыбаган ажары суз,жансызмын,
Жарыгы жок,тандарымда жапа чегем,
Кучагында жатсам деле.жалгызмын,
Чалыштап,тар жолдорго чалындым,
Муунканган мундуу,тузга малындым,
Кысынамын,чеги жок мейкиндикте,
Кучагында,жатсам деле чалымдын,
Жылдызы жок,кара тунго танылдым,
Жалыны жок,кок тутунун жамындым,
Айдын нурлуу наздуулугу туюлбай,
Кучагында мен жатамын жарымдын…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Кечиремин
Кечиремин ызаам тарап,кек сактабай,
Журок самайт кезигууну шек санабай,
Конул кирин чын дилимден тазартып.
Табаалаган душмандарды тек карабай,
Омур жолдук сапарларды каарытбай,
Кечиришсек кен пейилди таарытбай,
Заман азыр заарын чачып турганда,
Адамзаттык конулду алуу зарыктай,
Кечирели кыйын кезен убагында,
Тоо жанырта шарактаган курагында.
Ансыз деле,ниетин бузган кобойуп,
Журок канап,жан ачышып турганында…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Кошулду: 20.06.2020 / 22:25
Беш кол тең эмес
Бири кем дуйно,беш колубуз тен эмес,
Дармансызга,чексиз аалам кен эмес,
Жалгыздыктан жапа тарткан пендеге
Тагдыр сунган тайкылыктар,чек эмес
Бири кем дуйно,адамзаттын тарлыгы
Жашоо эмес,байлык баалайт баардыгы
Башка адамдын кайгысына каткырган,
Кайрымдуулук.боорукердин эн аздыгы,
Бири кем дуйно,ажал жулса адашып
Жаштарыман жанын сууруп талашып
Бул жашоого,моокумдарын кандырбай
Азгырып кетет,мазарга атын кадашып…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Унутбаса
Кудайым,берээрин эч унутбаса,
Коп балалуу бакыт багын курутбаса.
Ден соолугун бекем кылып кыстарып,
Ыйман ырыс,берекесин туруктаса,
Кыргызымдын кен пейилин улуктаса,
Бузук коздуу.алааматтык сугунтбаса,
Ынтымагын ар бир уйго орноштуруп,
Ачкачылык,жутчулугун жулунтбаса,
Уй булоно туруксуздук жугузбаса,
Кырсык,ажал жамандыкты,угузбаса,
Баш-аламан жашообузду ирээтеп,
Сагаалаткан кыяматтык тургузбаса…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Мезгил
Мезгил мээлейт,мемиретип сылабай.
Жетише албаса шаштын алат,чыдабай,
Ачуусун да,таттуусун да бир айдап,
Отуп кетет,башка маалга чыланбай,
Мезгил учат,козун-ачып жумганча,
Бойрок таяп ойлуу,тиктеп турганча,
Табийгаттын коз тойбогон коозу,
Ажарын ачып,озуно тартып бурганча,
Мезгил кутбойт,улгайганды,жашты да,
Тиштер кубуп,белин бугот шаштыра,
Кунгуронуп озун менен суйлошсон,
Таяк менен,эрмек кылып бастырат…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Издей басам
Сезимимди торго салып томсорттун,
Жарда оскон тикенектей,соксойттун,
Суйуу эмес жек корууну орнотуп,
Зака жеген жалгыздыкты орсойттун,
Сагынычтан саман кылып,саргайттын,
Каректерден умут коздор,картайттын.
Кутуу жолун,кочкул чанда будомдоп,
Кызганычтын кырлуу мизин,саптаттын,
Ойлор басып,телмиремин чапчылып,
Аян айтбас,тушторумон жанчылып,
Баарын жооруп.жакшылыктуу жышаанга,
Издей басам.бакытыма,коз чаптырып…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Жакшы үмүткө сүртүнөм
Башым толгон.ойлор баскан санаадан,
Конулум кара,очбос тактуу жалаадан.
Кээде чумкуйм,айлам таппай жашоого,
Акча.карыз тугонбос бир,балээден,
Чуркап.чайкап.чанкоом жок чалыкбайм,
Тырмансам да пайдасы жок,жарытбайм,
Жок дей берген.тагдырыма таарынып,
Тумандашкан жолдорумдан,чалыштайм,
Уктабаймын узун тундор,ушкурунуп,
Толгон-токой максатыма тукурунуп,
Чонтогумдун жыртыктарын бутойм деп,
Жакшы умуттун узурлорунон суртунуп…
Журсом-турсам акча азабы,муунтуп.
Дем-куч бербей.тируулуктон суутуп,
Бирин жапсам,бири чыгып жудотуп,
Сыйкырлантып чубап турат.чуурултуп,
Жудоп турам,туркун ойлор жамынып,
Баш айланткан койгойлорум жанырып,
Курсак камын, кубалатып артыман,
Жан кашайып.тутоп кетти канырык,
Жер толоодой жарыгы жок,аба жок.
Кундор отот,дартым табаар даба жок,
Турмушумдун туйундорун чече албай.
Дангыраган жолдор менде.чала жол…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Сүйүү багы
Суйуу багын,даамын татсан аралап,
Бышып турат момолору салаалап.
Шириндигин табит тартса байкайсын.
Тандай албай калбагын сен сагалап.
Кундун нурун.ай жарыгын аркалап,
Конул тартса.аздектеп ал калкалап,
Бирин узуп,экинчисин сындырып,
Тебелентбе бой которуп чалкалап.
Суйуун деле азиз болот,басынтба,
Жан кейите сындырып сен жашынтба.
Ысыраптын анты калып артында.
Куноолорун озун учун шашылтба…
Убактылуу ойносом деп болжобо,
Буюмун эмес,утуп алган олжодой,
Ар кадамга,жооп берчу сурак,бар
Убалына калып кетип,сен боздобо,
Ар бир адам,оз бактына укуктуу,
Суйуум келсе деп тиленет туруктуу,
Тутанбаган отко,барып жылынсан,
Чочуп калган,сезим болот учуктуу.
Тагдыр кошсо.табитинди жандырат,
Коодон толгон кумарынды кандырат,
Ыраазы болбой издесен сен башканы,
Туболугу жок, бакыт сени азгырат…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Байкалбай өтүп кетпе
Турмушта,чечилбеген туйун болбойт,
Соодада сатылбаган буюм болбойт,
Ишинди илгерилтиш,бир озундон.
Шамалсыз.сапырылган куюн болбойт,
Жашоонун,жарыгы жок,куну болбойт,
Жайкалган кок шибердин,буру болбойт,
Байкалбай отуп кетсен,оо дуйного,
Баатырдай эстеп калчу,сурун болбойт,
Кайыкты калагы жок,сузо албайсын,
Омурду туйшугу жок,суро албайсын,
Максатсыз куулонбогун,тируулукто,
Тушалсан,чынжыр зымын,узо албайсын…
Ааламда жандуу жоктур,колокосуз,
Жараткан жазбагандыр,солокотсуз,
Чыркырап,чыналбаган чындык жолу,
Болбойттур,богот болуп,онокотсуз,
Кырманын дансыз болсо,куну кетет,
Дарманын алсыз болсо,кучун кетет.
Уйуно ажар чачып,толо албаган,
Аялын камсыз болсо,куту кетет,
Жийденин жытына.эч моокум канбайт.
Жашоодо,курошушкон,чарчап талбайт,
Баскан из,тарбиялуу багыт берсе.
Келечек атын жазып,эстеп сактайт
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Түндү самап
Ичим жылып,суйуум сага табыштадым,
Уйгу-туйгу ойлор курчап,чалыштадым,
Жан дуйномо,ырахатын тартуу кылган,
Чайпалбаган,махабатты багыштадым,
Конул энсеп,журок сыздайт тымызын,
Жалын жагат,сага тушкон жылдызым,
Жолдор башка,жазылбапсын багыма,
Тана албасмын,сага суйуум чындыгын,
Жалынамын жолугушчу кунду,санап,
Жагылышат,сезимдерим куулоп канат,
Кутуп журом,коздорубуз кадалышкан,
Журогумдон тунок алган,тунду самап…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Кошулду: 20.06.2020 / 22:39
Талпынамын
Тиштин кирин соруп жатбай талпынайын
Тируулуктун жоон арканын тартылайын,
Тиземди тытып,жер казсам да,тырманып
Турмуш жугун,жоонума мен артынайын,
Салыштырсам,башкалардан,кем эмесмин,
Тийип качкан жондому жок,жел эмесмин
Жан багыштап,башым сайган билимим бар,
Баркы кеткен,бааланбаган жем эмесмин
Кулдай иштен,куржунундун тубу тешик
Бар тапканын,карым-катнаш суруп тешет
Артып калбайт,сыз таманын жешилсе да
Балдарын да аран жетип,кубуп жешет…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Үй бүлөңдү шорлонтпо
Козум коруп,кулагым чалып укбайын,
Конул бурбай,кучагым толуп уктайын,
Ойносон да,оорлугунду билинтбей,
Кочо-койдон,козго урунуп тытбайын,
Жанылыштап,жашоо барак жыртбагын,
Жанынды жеп,жалган айтып чыкбагын,
Жандасан да,жыргалынды жашынып,
Жакынынды жан дуйнондон сызбагын,
Конулдорду ойнотсон да,ойгонтбо,
Ойун бузган,кыял менен толгонтбо,
Нике устуно,нике кыйып кызыккан,
Катаа кылып уй булонду,шорлонтбо…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Түйшүк турат тизилип
Чоочуркабайм,чоочун сезим арналса,
Жалган жоорук,чолок умут арбалса,
Журогумо бир будурчо,так салбай,
Ашыктыгын ушактап жанды,чандаса,
Чоочулабайм,чолпонум деп,адашсан,
Жолум тороп,суз сезимге кадалсан,
Байкамаксан болсом деле,булунбой,
Супсак суйуу азабында сен,сабалсан,
Куноолобойм,кучоп турса сезимин,
Журок сыздап,жибип турса эзилип,
Багым байлап,башыма булук салбачы,
Ансыз деле,туйшук кайнайт тизилип…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Өмүр шамын чогуу үйлөсөк
Балдарымын багын тилейм жараткандан,
Козум жарып,жарык нурун жалаткандан
Жаркын максат,кокуроктон ордун таап
Ыйман кошуп,абийиримди агарткандан
Жарым менен насип кунун бир тугонтсом
Омур шамын картайганда,чогуу уйлотсом
Жолок болуп,жашоом сапар каарыганча
Кубат алып,бейтаптыкты сурдонтсом
Уй буломдун,кутун сактап суйунтсом,
Таш боорлуктан,тамыр тартып туйултсом,
Башым байлап,берекесин термелеп,
Сабырдуулук менен ырыс уйултсом…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Сындыбы?
Жарака кетип,биздин суйуу сындыбы,
Байкуш журок,кагуусунан тындыбы,
Мусаапырдай жалдыраган коздордун,
Жанып турган нурларынан тыйдыбы,
Тагдыр бизге,мерездигин кылдыбы,
Тепчип кесип,кешигинен кыйдыбы,
Жанылышып жааган жазгы,мондурдой,
Болжоп койгон багытынан жылдыбы,
Суйуубуздун деми кайтып,тумчуктубу,
Сезимдерди серсен кылып,чунчуттубу,
Умут-санаам арыла албайт жаныман,
Кусалыктан кургак кылып сурсуттубу…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Жазым келээр
Айланам ак боектон сырдалгандай,
Ажары калын кардан,чырмалгандай,
Жетеленген конулум,жазга ыктап,
Самсаалак муздан жаны,кыйналгандай,
Кубулжуган табийгат да,сыйкырланбай,
Кыш ызгаары,курчун алып кыйтырланбай,
Бозомук тартып.ак тутундуу,жарыктыгын,
Сайрандаган чымчыктарсыз,шынгырабайт,
Тунултбой турдуу тустон,жазым келээр,
Жузубузго нурлар чачып,наздап себээр,
Жан жыргаткан кооздукка жугунтуруп,
Арзуулашкан журокторду саздап келээр…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Эмгек менен ченеп келем
Бут байлыкты эмгек менен ченеп келем
Баскан изден,кылдат тизип элеп келем
Ченгелдешкен акчалууга кызыкбастан
Бар дуйномду ырым менен тенеп келем
Бакытымды уй булом деп,сактап келем
Жылуу жумшак,мунозумо чактап келем
Жолдошумун терс жактарын,жашырам да
Дос-душманга сыймыктана мактап берем
Берекеси мол,ырыс-кешиктуу,элимде
Эмгек жумшап,мээнет кылган теринде
Торубуздон,бата тилеп,орун алышкан
Карыялардын акылман айткан кебинде…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Байланбачы
Бир суйуудон азап чегип байланба,
Кызыктар коп.башкасында сайранда.
Омурунду чектебестен,сезим менен,
Башын ооруган,суйуу багын айланба,
Куттурбостон,суйуу келет капыстан,
Куйутундо чогуп,сынсан жапыстап,
Сыноосуна чыдап,сындуу бузулбай,
Турган кезде,алдуулугун тастыктап,
Кыйноосуна кыйрабаган,тынып кетет,
Женилденип.секиргенге сынып кетет.
Азабына кабылып сен.торго илинсен,
Кусалыгы куурай сымал,шылып кетет…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Көңүлүм шок болот
Уйку бербей кокурогумон,кытыгылап,
Соз тизмеги ырга айланып.сыдырылат,
Тушурбосом,замат туруп ак баракка,
Эстен танып,ойлор качып шыпырылат.
Угуп калсам,ботон арман,тагдырын,
Журок ундойт,жазмайынча бардыгын.
Суурула албай,калып кетсе,кычыктан,
Ырлар менен мен да кошо жардымын,
Коздор талып,кээде кызыл чок болот,
Кээде жанып,кыялданган от болот,
Ар бир ырга чогуу жашап толгонсом,
Конулум ээрип кутурган бир,шок болот…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Ыйманыңды тазартат
Башка салса багын куурап,бакыт кетет,
Карыз каптап кекиртекке батып кетет,
Курсак тойбой,колун толбой,тартылып,
Берекендин тубу кургап.капчык кетет,
Башка салса жамандыктар коштоп келет.
Кырсык кычап,кынык таап топтоп келет
Куйут куулоп,кучтон алат алсыздантып
Дубаа кеткен,коз тийгенге окшоп келет
Намаз болоор,ыйманынды тазарткан,
Женилденткен,кайгы баскан азаптан
Жашоону буруп,куноолорун азайтып
Тируулукто бар пейилинди агарткан…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Бүтүндүгүм жешилбей
Жалдыраткан ойлор басат,багуусу жок жетимдей,
Башым катат келесоодой,кор турмуштан жетинбей,
Акыл калчап талпынсам да,кайып кетип мизинен,
Олбос кундор коруп келем,бутундугум жешилбей,
Бул турмушта акча бийлейт,кадырлоочу баркынды,
Байлык тирейт,койгой тизбей,асыроочу жаатынды,
Балдарындын кемсингени,отуп кетсе сооктон,
Урдум дейсин,колун шилтеп.чыгашалуу салтынды…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Тамып турду…
Дыбырттаган жамгыр суусу,беттен ылдый тамып турду,
Шыбырттанган конгуроосу,журок куусун кагып турду,
Жалтыраган жалгыз жолдо.жыланайлак селки ыйлап,
Коздон аккан жылуу жашы жамгыр менен агып турду,
Жан дуйносу жардыланып,жаш журогу жабыркаптыр,
Сезимдери жанчыланып,коодону очуп,жатыркаптыр,
Кокуроктогу кайгы-мундуу ызаасына чыдай албай,
Ачууланган куйут ортту жамгыр куюп сабырлаптыр…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Жага албастыр
Аалам кезип,аскалардан урунбаган,
Канат серпип,жар-коктуга бурулбаган,
Мээлей аткан,шиш жебеси найзанын,
Тилип сайып.журогумдон жулунбаган
Бул суйуулор,тарыхынды тана албастыр,
Журок кургур,бир озунду чана албастыр
Мындай тунук сезим отбой башыман,
Туболукко сенден башка жага албастыр…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Сакта
Туру суук ажалдан сакта
Тубу суюк аялдан сакта
Азиз мунжу баладан сакта
Куру доомат жалаадан сакта
Уйку качкан санаадан сакта
Кудай урган жазадан сакта
Айла кеткен абалдан сакта
Бейкуноо жаткан абактан сакта
Ойлонбой берген талактан сакта
Кызганып жеген тамактан сакта
Бутолбос тешик жамактан сакта
Тузолбос тырык жарааттан сакта
Ынтымагы жок жамааттан сакта
Ынтызаары жок наамарттан сакта
Ыркты бузган шараптан сакта
Ырысын кускан ысыраптан сакта
Арамды сойгон касаптан сакта
Амалын ойлогон мансаптан сакта
Кошомат кылган аксактан сакта
Тагдыры тайкы таштактан сакта
Турмуш турткон баткактан сакта
Эне сыйлабас акмактан сакта
Пейили бузук эрден сакта
Кыяматтуу селден сакта
Бешенеси туз,шордон сакта
Убалга калган кордон сакта
Тар жолго басчу чордон сакта
Кур жалаа жапчу тордон сакта
Баладан безген конулдон сакта
Баласыз кеткен омурдон сакта
Жыргатып качкан ондуудон сакта
Жыландай чаккан олумдон
Энеге салган армандан сакта
Чындыгы жок жалгандан сакта
Санаасы жакыр сарандан сакта
Алаамат согуш ааламдан сакта
Назары ачка адамдан сакта
Атасын саткан амалдан сакта
Суу кошулган саамалдан сакта
Орт чагылткан шамалдан сакта
Ок жанырткан караандан сакта
Тил тартбаган ажаандан сакта
Издеп тапкан ажалдан сакта
Агарбай аткан азандан сакта
Кол которгон перзенттен сакта
Коз когорткон тирсектен сакта
Жол торогон илмектен сакта
Карызга баткан тизмектен сакта
Айлап жылдап ичкенден сакта
Куру доомат жирккенден сакта
Жер жарыла силккенден сакта
Талаа данын чириткенден сакта
Жаман илдет кумардан сакта
Жаназасыз курандан сакта
Жалган жалаа урандан сакта
Баш уйуртмо тумардан сакта
Келечеги тар урпактан сакта
Ным тартбас кургактан сакта
Жаман жорук устаттан сакта
Уусун чачкан ушактан сакта
Багын байлаган тузактан сакта
Оюндан чыккан орттон сакта
Тутун каптаган коктон сакта
Бычак которгон очтон
Кыяматтуу кочтон сакта
Кара жаздык келинден сакта
Кысыр калган желинден сакта
Сабыры суз женилден сакта
Сапаты жок темирден сакта
Кайгыдан тамган жаштан сакта
Ушук алган жаздан сакта
Капчыгы боксо аздан сакта
Кадыры жок пастан сакта
Багын таптаган уулдан сакта
Садага айткан пулдан сакта
Улгайган,малай,кулдан сакта
Моюнга салган курдан сакта
Ыйманы жок кыздан сакта
Татымы жок туздан сакта
Соокко жетчу сыздан сакта
Мээрими таш муздан сакта
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Кошулду: 20.06.2020 / 22:46
Жазым ачаар…
Токулган кооз шалчадай,
Жасанган жашыл арчадай,
Жашынып жаткан суйууну,
Жаз келип ачаар чарчабай,
Мезгилдер учуп байкалбай,
Кундорун тууйт байма-бай,
Конулго сепкен гулдордун,
Кештеси болоор саймадай,
Кар тубундо тумчугуп,
Мазасы качып буулугуп,
Ийилип турган бак-дарак,
Жаз келсе калаар кубулуп…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Башкаларга окшобоймун
Кырктын кырын аттасам да,кылыктанам,
Кызыгышса коздор мага,сылыктанам,
Озум учун жашай турган кез келдиби,
Мурда антип конул бошоп кызыкбагам,
Журогум жаш,кагуусу эле токтобосо,
Журомун наз,каарысам да токтолбостон,
Жаштай бийлеп,шайыр муноз аялмын,
Сындуу тиктеп башкаларга окшобогон…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Мейли оорусам
Конул канайт,баш айланып карайып,
Козум талыйт,кудоор узбой алайып,
Сезим арнап соз ыргытса башкалар,
Бир сени деп,чанып келем далайын,
Тушумдо мен,тоготбостон бойлономун,
Сунушуна макул болбой ойлономун,
Жузун бекип,кетип калсан ыраактап,
Унум чыкбай,ээрчий карап ойгономун,
Шылтоо таап,эптеп сага жолуксам дейм,
Тигиле тиктеп,карегинди тоорусам дейм,
Башка дартты кудай башка салбасын,
Бирок мейли,суйуу менен оорусам мен…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Самайт элем
Карым-катыш узулбогон каада-салт,
Куда-соок,дос-тууганды,баалаш шарт,
Абийиринди эл алдында ойдолоп,
Жакшы-жамандыкта сага,болбойт жат,
Пенделикте баштан туркун кырдаал отот,
Кайгы коргон кулкусундо жыргап отоор,
Жаштыгында ден соолукка зыян тартсан.
Картайганда азап салып кыйнап отоор,
Балдарымды чонойсо деп самайт элем,
Мунот санап,убакыт отбой санайт элем,
Канат байлап,мезгил сызып кетиптир,
Мен да,келин,куйоо бала тандап журом…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Үрккөн канча…
Тируулуктун ар бир куну маарекедей
Тизилишсе туркун-тумон,жармаркедей
Туура тандап,таразалап,кадам шилте
Жашоо отсун,молтур тунук каректердей
Чаалыкбастан чынчыл изденгин,тинтип
Турмуш озу салмак салсын,сени чертип
Кол куушуруп,бекерчилик кунго тушуп
Темеселене калып калба,чанда тентип
Бармак тиштеп,батыналбай жургон канча
Башчы болуп барктай албай,урккон канча
Баалабастан басынтышып эмгегинди
Коро албай.жарга такап турткон канча
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Соолутбайм
Кандай бийлик келсе деле камырабайм,
Умуттонуп жардам сурап жалдырабайм.
Баягы эле,карапайым элим менен,
Талпынамын,чарчап деле шалдырабайм,
Кандай бийлик келсе деле таныркабайм,
Жегенинен,сатканынан,жатыркабайм,
Мээнетине таянган элим менен,
Пейилим ток,жашап келем санааркабай,
Кандай бийлик келсе деле,баш оорутбайм,
Конумуш адаты,апенди баскан жооруктай,
Кагып силкип,талап-тоноп,сындырса да,
Чынчыл иштеп,мекенимди соолутбайм…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Толуктайбыз
Керсейбечи кайып турган мансабына,
Тийип качкан,арсар бийлик аксагына,
Элдин акын жегенине ишенсем да,
Ишенбеймин,элим сени данктаарына,
Бой которбо,омуру кыска амалына,
Уурдап,ташып,тойуп бокуп,калганына,
Болуп-жарып,ыркын бузган сендейди,
Ишенбеймин элим сактап бааларына,
Кекетбегин,колундагы бийлик менен.
Кемип калбайм,оз башымда билим кенен.
Сен сыяктуу,тоголотуп топ кылса,
Мен толуктайм,оз олкомду ийгилик менен…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Кызганып турам…
Кызып турат каным,сени кызганып,
Кызууланган жаным сезип ызалык,
Атайылап жасагансып козумчо,
Кейиттин сен журогумду сыздатып,
Бербейм сени оной-олтон башкага,
Намысы жок,кызга кетип таштаба,
Жалындаган жаштыгымды алгансын,
Кайгы жуктоп,жок нерсени баштаба,
Таарынсам да кулуп тосом жылмайып,
Ансыз деле жаным турат,кыйналып,
Кимге керек,ушул кундо жанжалдын,
Жудобогон жашка келдик жыйналып…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Өзгөртө албайбыз
Аялы бар деген создор чоочутбай,
Эркек деген тансык болду согуштай,
Жыйырма жаш айырмасы билинбей,
Кайра кучойт,жок деп алдын торушбай,
Бул заманды,озгорто албайт окшойбуз,
Эркегин жок,жаман аттуу боктойбуз,
Куйоосу жок,деген создор басынтып,
Кээде чындап,ордун таппай боздойбуз,
Тушунбоско айлам жоктой карасам,
Аял зат коп чындыгында санасам,
Жапа чегуу учун келбей дуйного,
Укуктуубуз суйуу махабат самаашка…
Эркектер да мода кылып алышкан,
Бошосо эле келин издеп табышат,
Жада калса ээрчиткенге ар дайым,
Бирден таап отурукташып калышкан,
Мындай журуу соопчунун ишидир,
Же намысты кажып турган тишидир,
Билбейм заман кайда туртуп баратат,
Же тарыхтын салып кеткен изидир,
Кээ бир аял кечире албайт андайды,
Кээ бирлери,билсе катат тандайга,
Не болсо да,конумуш болуп баратат,
Жазбаса дейм,андайларды мандайга…
Келечектен коркуп кетем озумчо,
Тилин албай.кызын жатса,козунчо,
Ушуларга кунолуу болуп корунуп,
Журбойлучу жыргап азыр доодурчо,
Балан турса,’суйлобосун атам ‘деп,
Эмне кылды,ойнош бизден катам деп,
Бир апам бар,атамды мен сыйлабайм.
Таштап кеткен башка менен жатам деп,
Турса балдар,чоноюшуп октой суйлоп
Ата деген намысынды тоготбой уйлоп,
Жаштыгында билинбесе,картайганда.
Отуруп калба журоктогу чокту пуулоп…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Сөзүң жалган
Жалган созду коп суйлойсун чындыктан,
Чымчып айтып чын-тогунун ыргытсам да.
Онолбогон бойдон конуп калыпсын,
Эми ишенбейм козун жашын кылгыртсан да,
Касам ичирип атанды коп какшатыпсын,
Куйдуруп сен,айласыздан чакчайтыпсын
Абайлап жур ата назары,октой тийет
Жудоп калган апанды да саксайтыпсын
Кайдан журуп бул адатка,конуп алдын,
Турпатын да алдаганга жондоп алдын,
Билесин да.калптын иши журушбосун,
Чындык учун суйлогондон орнок алгын..
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Түшүнбөдүм
Тушунбодум,жактымбы же,жакбадымбы,
Билдирбейсин дагы сынап.жатканынды,
Мага деле табышмаксын,азырынча сен,
Мен да билбейм сенин,муноз жактарынды,
Басып келдин.мен жакты карай,утурулап.
Калып калды жанындагы бир тултундап.
Коздор кулот,саламдашсан,элендишип,
Же ошентип турасынбы сен,куйтундап,
Бирде жакшы,бирде копол суйлойсун,
Бирде чалып,бирде копко суйройсун,
Чакырганда,созунду бекем кармабай.
Унутумуш этип,эсине катуу туйбойсун…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Сен деп жашайм
Алыстарда сапар тартып жургонсуп,
Келчудойсун санаамды тук узгонсуп,
Кыялымда дайым чогуу жанашкан,
Жашап журом сен деп омур сургонсуп,
Аскалардан канат байлап учкансыйт,
Монгулорго конуп алган учкашып,
Тун бир оокум.уктай албай кыйналсам,
Касиеттуу кучтор,келет уктатып,
Шамал менен аалам кезип шуулдап,
Жетбей сага суйуу сезим,буулугат,
Тажагансып,жалгыздыктын танынан,
Журок согуп,башын ийбей суурулат…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Кошулду: 20.06.2020 / 22:54
Түбөлүктүү жашасак
Омур суусу токтоосу жок,агылса,
Жашоо таны,жаркын нурлар тагынса,
Адамдардан,бай-кедейлер жоголуп,
Турмуш нугу,бир калыпка салынса,
Пенделердин ичээр суусу бутбосо,
Алла таалам,ырысын бек туптосо,
Жарыктыкта жашагандан жан албай.
Ажал андып оз кезегин кутбосо.
Ата-энелер туболуктоп жашаса,
Неберелер бакчасында жашарса.
Канаттуулар обон салып сайрашып.
Табийгаттын коозунан жасалса…
Суйушкондор суйуу багын сейилдеп.
Жалгыздыктан кутулса экен женилдеп.
Ажырашуунун азабында кайгыртбай.
Калса деймин куттуу уйдун жемин жеп.
Жамандыкты жакшы жашоо качырсын,
Суйунучтун кулпун ачып тапшырсын.
Буркобостон ачык кылып асманды,
Тынчтык окум суроор кундон чачылтсын.
Алсыз болуп,дарман кургап,сыркабай.
Жашап отсок,чуу чыгарбай.сындабай,
Баласыздар бала жыттап,канышып.
Жашап отсун зар болушуп.сыздабай…
Момо-жемиш бышып турса жаннаттай,
Гулзар багы ыргалышса жай жатбай,
Ынтымактуу кучтор бизди башкарып,
Топтолушуп насаат уксак даваттай,
Акча,байлык,алтын деген болбосо.
Жаратканым,текши жасап кооздосо.
Жаратылыш жайып бизге ырыстан.
Кучагында камсыз кылып,коргосо,
Аял затын,мээрим тогуп багынтса.
Дуйно жузун,ажарлантып жаныртса,
Сулуулугу суйкум болуп сугунтуп,
Бут ааламда жылдыз болуп жагылса…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Эненин кусалыгы
Балдарын кутуп алыстан.
Кундорун санап карыштап.
Корсом деп козу торт болуп,
Энеси жатат.арыктап.
Баса албай,алсыз чалыштап.
Журогу ооруйт сайыштап,
Кундон-кунго соолутуп.
Жылдырбай,дарты казыктайт.
Тируулук салган жазыктан.
Кор болду,жаны карылыктан.
Очбогон умут булбулдоп.
Мээримин жыгып тайыткан,
Кудоорун узбой.жарыктан.
Куйуттуу кундор жалынткан.
Перзентке болгон кусалык,
Ушкурук уйлоп жамынткан…
Коз жашы кунду чагылткан.
Каректен тамбай талыткан,
Тагдыры туртуп тар жолго.
Таяксыз сабап таарынткан,
Баласын энсеп,зарыккан,
Айыкбас дартка,чалдыккан,
Эненин боорун эзилтип.
Азаптуу кунго малынткан,
Баласы журот алыста,
Белчеден батып карызга,
Беш тыйын ашык таба албай,
Бара албайт,эне жалгызга,
Кор турмуш,коонун ачыткан,
Коксоону суутуп качырткан,
Жарыгынды тун кылып,
Кен дуйнонду таарыткан…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Жолдошума
Суйуу балын чогуу татып даамдадык,
Кош жылдыздай ак-караны баамдадык,
Турмуш турткон арабага бирге тушуп,
Кыбыратып бирге тарттык кадамдарын,
Жашоодогу туйшукторду кошо туртуп,
Бирде кубанып,бирде терен ойдон уркуп,
Келатабыз кол кармашып,узун жолдо,
Келечегин балдарымдын толгооп кутуп,
Жашын отсо жарын сага,бир туугандай,
Мезгил учат,жапа тырмап ит куугандай,
Чонойушкан балдарын да изденишип.
Жолунду улайт артынан,из куугандай…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Дос күтөмүн
Дос кутомун,аял эмес эркектерден,
Ушагы жок,мээнеттенип эмгектенген,
Суйлогон соз,дал келишип кызматына,
Иши да жок,кийим,алтын,бермет менен,
Дос кутомун,бош убакты эрмектеген,
Конул бузар,сасык созун термелтбеген,
Кенешин берип,черин жазып суйлошуп,
Аралашбайт суйуундогу желдет менен,
Дос кутомун,бийлеп ойноп,ичишкенге,
Соз козгобойт,оозун булгап,имиштерге,
Аздан ичип,жыргап,бийлеп,ойношуп,
Кызыгышбайт,жаман ойлоп тийишкенге…

Түрмөдөн кат
Кат жазыптыр,куноосуз жигит,турмодон,
Бир да сот жок,адилетуу соз суйлогон,
Менин деле убалым ураар,бироосун,
Деген ойдо,темир тордон суйролом,
Канчаларын башка-козго койгулап,
Куноолорун моюнга илип,койдурат,
Кээ бирлерин ошол жактан,буйрутуп,
Кан чыгарбай,табышмактуу сойдурат,
Кичинекей нерсе учун,кесилип кеткен,
Киши олтуруп кармалганды,кечирип чечкен,
Чындык таппай чыркырашып,чычалашкан,
Бул жашоого кайыл болуп,кечилип кеткен…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Билбейсиң канча өмүр сүрөөрүңдү
Жылдыздан шуру тартып тизе албайсын
Болоттон куру тагып кийе албайсын
Басып откон жолдорунду жашоондогу
Унутсан да,кокуроктон чие албайсын
Дунуйонду кумбозуно иле албайсын,
Байлыктан кепинине,тиге албайсын,
Кор оокат курсагындын,камын ойлоп,
Канча омур суроорунду биле албайсын,
Козундон тамган жашты,иле албайсын,
Суйуу жок,журогунду тиле албайсын,
Кундоп-тундоп,жараткандан ниеттенип,
Батаасыз балдарынды,тирей албайсын…
Омурду узуун тартып,улай албайсын,
Сыныкты бутун кылып курай албайсын,
Зымырап жеткирбестен отуп жаткан
Мезгилди,кайра артына бурай албайсын,
Асманды ачык,кармап тура албайсын,
Аскадан монгу болуп жула албайсын,
Кыжалаттык,кейуу менен отуп кетбе,
Жашоондо кайра жаны туула албайсын,
Бешикке байлоосу жок,болой албайсын
Уйунду туркугу жок,сойой албайсын
Бир омур,карызбыз биз,ата-энеге,
Коздору отуп кетсе,толой албайбыз…
Жашоодон жап-жаш бойдон,ото албайсын
Ажалсыз кунун бутбойт,очо албайсын
Аксакалдуу улууларды.сыйлай албасан
Элинден баркын кетип,осо албайсын
Ааламды бут кыдырып кезе албайсын,
Адамдан качып кетип безе албайсын,
Эриш-аркак,ынтымактуу жашабасан,
Эртенки кунунду сен биле албайсын,
Башында тук болбосо,тарай албайсын,
Тезекти жалынысыз,калай албайсын,
Кудайым белек кылган жарыктыгын,
Карегин соолуп турса карай албайсын…
Напсинди соргок болсон тыя албайсын,
Боорундан,бир тууганды кыя албайсын,
Тапканын сокур тыйынча татылбаса,
Капчыкка калын кылып жыйа албайсын,
Бакытты дарыя суудан сузо албайсын,
Ээрчий баскан колоконду,узо албайсын
Шамалды жоонун менен тосуп калып
Асмандан булут суруп кубо албайсын
Оргоон жок,тапканынды уйо албайсын
Эсине бардык нерсе.туйо албайсын
Ден соолук,кадырына жетип жургун,
Жанынды ооруу тартса,куло албайсын…
Дуйнодо эне-атасыз жаралбайсын,
Олумго эч катасыз бара албайсын,
Атанын назарынан калып калсан,
Турмуштан ак батасыз,агарбайсын,
Жарыкты кулак менен коро албайсын,
Жашоону убакыт менен олчой албайсын,
Суйуунду келгенинде кармай албасан,
Сезимсиз,кусалык толгон,кондой адамсын,
Билимсиз ак-караны талдай албайсын,
Биликсиз шам чырагын жага да албайсын.
Биригишип кенеш салып иш кылбасан,
Чалышып туура жолун тандай албайсын…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Жүрөгүм турат багынып
Мелуун согуп.женил желдей бийлеген
Назик гулдой,сулуулук сунуп ийменген
Кок асмандан коколоп сызып,байкалбай
Канатын жайып суйуум,келбей чиренген
Журок кылын,шандуу чертип куу салган
Аска-зоодон жанырта кээрип ун салган
Конулдордун коодонун кыйсан.суутбай
Серпилген сезим,оймо чегип гул салган
Нурун чачсын,менин да суйуу багыма
Махабат татсын,бал ширеге малына
Сагыныч кучу жагылтышкан жалындуу
Журоктор согот,энсоосу канбай батына
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Аяп карайт…
Соккон шамал,сыздап карайт абалынды,
Сооротконсуп сылагылайт жамалынды
Сурулушуп жылып келген кара булут,
Жаанга айланып,аягансыйт караанынды,
Баскан жер да сага карай,жумшаргансып
Эки-экиден дарактар да,жупташкансыйт
Батып калган,кундун жансыз жарыгы,
Нурун чачып,козго мээлеп туштагансыйт…
Андыгансып ай корунот,кызгылттанып,
Айланага тынчтык сээп жымжырттанып,
Кандайдыр бир кучтор сени сыйкырлап,
Тушагансыйт буттарынды,чынжыр салып…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Жанчыланат
Жан дуйном кемип турат,жардыланып.
Кайгы тарткан.кусалыктан камчыланып,
Бир сырдуу.жасалмалык жанга тийип,
Жалгыздык жарын таппайт.жанчыланып,
Чубурулат окшош кундор чимирилтип,
Зуулдаткан элесин албай,синирилтет,
Жалындатбай,боз тутунго жамынткан,
Саздактагы,жансыз жандай шимирилтет,
Тагдырымдын огой оскон,жетиминдей,
Турмушумдун беганалуу жесириндей,
Кычыраган жаштыгымдын гулун жулуп,
Ара жолдо калтырдын.сен кесириндей…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Жазалаба
Жараткан пенделерин,жазаалатбай,
Жаштарымды,арасынан тазалатбай,
Узун омур,бейкутчулук насип этсин,
Ажал келсе,адаштырып,сагаалатбай.
Бутунду болуп жарып,булунтбосун,
Достуктун кучтон алып.тунултбосун.
Жузун ачкан,жакшылыктын жышаанын,
Женил оокат,арам акча суйунтбосун.
Дейди журсон,серсен басып талаалап,
Душмандарын жыргап калат,табаалап,
Ыйман,ырыс,ынсап берип.колдой бер.
Калбайынчы,таш жолдордон,сабалып…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү
Сүйрөй албай…
Коп уйлонуу эркектердин эрдигиби?
Же суйуунун мажбурлаган тездигиби?
Уя салып,ар бир уйун камсызданткан
Соопчулук кылган эрдин шердигиби?
Эки-уч аял,алуу азыр зарыл шартбы,
Же жашоодо кумар болуп калган дартбы?
Коп баланы багып бутка тургузган,
Андай эркек.кадырланчу баалуу наркбы?
Кээ бир эркек,бир аялга уйлоно албайт,
Жашы отот,перзент учун куймоно албай,
Кээлер журот,тапканынан дайыны жок,
Балдары эмес,жалгыз жанын суйрой албай…
Динара Сагынбаева, Бишкек шаары
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү